Линктер

шейшемби, 17-январь, 2017 Бишкек убактысы 23:53

Грузияда экономика министри кызматынан бошоду


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Экономика министри Лаша Жванияны бүгүн кызматынан бошотту. Өкмөт башчы Ника Гилаури президентке Жванияны кызматтан кетирүү тууралуу маселени кабыргасынан койгонун билдирди. “Себеби Лаша Жвания башка министрлер менен биргелешип иштешкенди жана экономиканын өнүгүүсү үчүн чет элдик инвестицияларды тартканды билбейт” деди өкмөт башчы. Лаша Жвания болсо бул айыптоолорду четке какты жана өкмөт башчы менен келише албагандыгы үчүн кызматтан чегингенин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG