Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Лондон Меграхиге байланыштуу нааразылыгын билдирди


Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд 1988-жылы Локербиде учактын жарылуусуна тийешеси бар адамды Ливия чоң урмат менен тосуп алганына терең нааразылыгын билдирди. Милибэнд Абделбасет Али ал-Меграхи Британия менен Ливия ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн бошотулган деген жоромолдорду четке какты. Маалым болгондой Ливиянын Чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Абделбасет Али ал-Меграхи Шотландиянын Локерби жергесиндеги 1988-жылдагы жүргүнчү учактын жарылуусуна тийешеси бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылып, Шотландияда түрмөдө отурган. Кечээ (20-августта) ал рак оорусунун өтүшүп кеткенине байланыштуу эркиндикке чыгып, Ливияга кайтып келди. АКШнын президенти Барак Обама Меграхинин абактан бошотулушун “ката” деп баалады. 1988-жылы Локерби шаарчасында америкалык учактагы жарылуудан 270 киши набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG