Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Башкы прокуратура билдирүүнү алган жок


“Бишкектин №1 убактылуу кармоочу жайында камактагы “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевди, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловду жок кылып коюуу коркунучу бар экендигин айтып, аларды укук коргоо органдарынын сактап калуусун өтүнгөн билдирүүбүздү Башкы прокуратура кабыл албай койду”,-деп кабарлады “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева “Азаттыкка”. Анын айтымында, Коопсуздук кызматы, Адилет министрлиги, Жаза өтөө башкы башкармалыгы, №1 Убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги укук коргоочулардын билдирүүсүн кабыл алган. Бүгүн иш күнү болбогондуктан улам Башкы прокуратура менен бул маселе боюнча байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бир нече укук коргоочулар ишенимдүү булактардын маалыматына таянып убактылуу кармоочу жайда камакта жатышкан Э.Бөлөкбаевдин, С.Аргынбаев менен У.Рыскуловдун өмүрүнө абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар күч колдонуп, жок кылып коюушу ыктымал деген билдирүүнү 21-августта коомчулукка таратышкан. Алардын өмүрүн сактап калуу өтүнүчү менен укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылышкан.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Москва районунун Петровка айлында күрт улутундагылар менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылыш болуп бул ишти уюштурду деген негиз менен "Жашылдар" партиясынын төрагасы Э.Бөлөкбаев, "Болуш" ассоциациясынын президенти Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынган. Алар өздөрүнүн камалышын саясий себептер менен байланыштырышууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG