Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

“Молотов-Риббентроп пактысына” 70 жыл


1939-жылы 23-августта Германия менен СССР тынчтык келишимине жана Борбордук Европага таасирин орнотуу жөнүндө жашыруун протоколго кол коюшкан. Бул келишимге Москвада И.Сталиндин катышуусунда Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп менен СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов кол коюшкан. “Молотов-Риббентроп пактына” кол коюлгандан бир апта өткөндөн кийин, 1939-жылдын 1-сентябрында Германия Польшага кол салган. Ал эми 17 күндөн кийин Сталиндин Кызыл армиясы Польшанын чыгыш тарабына басып кирген. Тарыхта “Молотов-Риббентроп пакты” деп аталып калган келишимдин түзүлгөндүгүнө быйыл 70 жыл толду.(AJ)

XS
SM
MD
LG