Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Түштүк Корея эли мурдагы президенти менен коштошууда


Сеулда бүгүн Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ким Дэ Чжунду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ким Дэ Чжун 18-августта 85 жаш курагында дүйнө салды. Коштошуу каадасына катышуу үчүн парламент имаратынын алдына 20 миң бийлик өкүлдөрүнөн сырткары 10 миң киши чогулду. 1998-жылдан 2003-жылга чейин Түштүк Кореянын президенти болгон Ким Дэ Чжун Түндүк Корея менен элдешүү үчүн жасаган аракеттери үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган. Ким Дэ Чжунду акыркы сапарга узатуу үчүн Түндүк Кореядан да жогорку даражалуу делегация келди.

XS
SM
MD
LG