Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Укук коргоочулар коңгуроо кагышат


“Бишкектин №1 убактылуу кармоочу жайында камактагы укук коргоочулар Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун туугандары жана “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин партиялаштары абакта алардын өмүрүнө коркунуч туулганына тынчсызданышып нааразылык акциясын өткөрөбүз дегенде убактылуу токтотуп калдык”,-деп билдирди “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка”. Анын айтымында, бейшемби күнү Уран Рыскуловго 25 миң доллар, Сапар Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаевге 50 миң доллар өлчөмүндө акчаны үч күндө таап бербесе абактагы кылмышкерлер өлтүрүп коет деген расмий эмес маалымат түшкөн. “Укук коргоочулар убактылуу кармоочу жайга барышып алар менен жолугушуп бул маалыматты тастыктады”,-дейт Абдырасулова. 21-августта бир катар укук коргоо уюмдарынын лидерлери тиешелүү органдарга бул боюнча билдиришип, үчөөнүн коопсуздугун камсыз кылууну өтүнүшкөн. Жарандык коомдун өкүлдөрү абактагы үчөөнүн абалы боюнча бүгүн коңгуроо кагып, коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөшүүдө. Бул маселе боюнча мамлекеттик укук коргоо органдарынан тиешелүү жооп ала алган жокпуз. (AJ)

XS
SM
MD
LG