Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Шинжаңдагы тополоң боюнча сот ушул аптада башталуусу мүмкүн


Сот ушул аптада башталары күтүлүп жатканы тууралуу бүгүнкү санында расмий “China Daily” гезити Үрүмчүдөгү прокуратуранын аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип, жазып чыкты. Кытайдын Шинжаң –уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө 5- июль күнү орун алган баш –аламандыктарга байланыштуу расмий түрдө 200дөн ашуун адам камалган. Аларга адам өлтүргөн, имараттарды өрттөгөн өңдүү айыптар коюлууда. Ушул аптада башталары күтүлүп жаткан сот жараяны Шинжаңдагы уйгурлар менен кытайлардын мамилесиндеги чыңалууну кайрадан күчөтүүсү мүмкүн. Уйгурлар аймакта хан кытайлардын көбөйгөнүнө, алардын диний жана маданий жашоосуна өкмөттүн көзөмөлү күчөгөнүнө нааразы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG