Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

АКШ мыйзамгерлери Шотландиянын чечимин иликтөөгө чакырууда


Шотландия Локерби жардыруусу үчүн соттолгон адамды бошотуусу боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарылдыгын америкалык таасирлүү сенаторлордун бири Жо Либерман айтып чыкты. Ал Ливиянын президенти Муаммар Кадафинин, анын уулу Саифтин жана Британия – Ливия бизнес кеңештин башчысынын шотланд бийликтеринин Абдель Басет ал-Меграхини бошотуусу Британиянын Ливиядагы мунай кендерди иштетүү кызыкчылыгына байланыштуу экенин ишара кылып жатышын “үрөй учурарлык” деп атады. Либермандын көз карандысыз иликтөө жөнүндөгү демилгесин башка мыйзамгерлер да колдошту. Шотландиянын бийликтери болсо өз чечимин боорукерлик катары түшүндүрүшүүдө. Анткени алардын айтымында, камактан бошотулган аль- Меграхи абдан катуу орулуу.

1988-жылдын 18-декабрында Пан Американ авиакомпаниясынын учагы Шотландиянын Локерби шаарынын үстүнөн жарылган. Анда каза тапкан 270 адамдын басымдуу бөлүгү америкалыктар эле. Бул жардырууга тиешеси бардыгы үчүн 2001- жылы Ливиянын жараны Абдель Басет аль- Меграхи Шотландияда өмүр бою кесилип, сегиз жылдан бери жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал абактан өткөн аптада чыгарылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG