Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Иран эл аралык коомчулукка кайрылды


Иран Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик менен кызматташа берет. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хасан Кашкави бүгүн билдирди. Саналуу күндөрдөн кийин Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу баяндамасын жарыялаары күтүлүүдө. Кашкави дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттердин башчыларына да кайрылып, Ирандын өзөктүк долбооруна байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү кайра карап чыгууга үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG