Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Бүгүн Украинада Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө


Бул күнгө карата президент Виктор Ющенко украин элине куттуктоо жолдоду. Виктор Ющенко Украина “Европалык улуттардын эркин үй-бүлөсүнө” кошулуу мүдөөсүнө жетейин деп калды деп айтты. Калкка кайрылуусунда президент “эч ким украин элин бөлүп-жара албайт” деп билдирди. Айтмакчы, коңшу Орусия Украинанын Батышка жакындоо жана НАТОго кошулуу мүдөөсүнө каршы чыгып келет. Майрамга карата Киевде аскердик парад уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG