Патенттик ишенимдүү өкүл Алексей Вандаев "Кыргызпатенттин" жетекчиси Улан Мелисбектин аброюна шек келтирген аудиоматериалдардын жана стенограмманын чындыкка коошпой турганын жана ал жасалмалангандыгын билдирди. "Кыргызпатентке" жолдогон арызында Вандаев Кыргызпатенттин автоматташтыруу демилгесин толук колдоорун жана бул тууралуу жыйынды өз кызыкчылыгы үчүн гана диктофонго жаздырганын белгилеген. «Жыйындан кийин башка патенттик ишенимдүү өкүлдөр менден аудиокөчүрмөнү сурап алышкан.Мен аны интернетке жарыялап, бирөөнүн абийирине шек келтирүү оюмда да жок эле.Мен материалды интернеттен көргөндө гана мени жаман ишке аралаштырып, пайдаланып койгондуктарын түшүндүм»,-дейт Вандаев өзүнүн жазган арызында.
Буга чейин "Кыргызпатенттин" жетекчиси Улан Мелисбекке патенттик ишенимдүү өкүлдөрдөн акча талап кылып, кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланып жатат деген айып коюлган.Ага интернетте "Кыргызпатенттеги" жыйындын аудиокөчүрмөсү жана стенограммасы себеп болгон. Укук коргоочулар маселени укук коргоо органдары караса жүйөөлүү болмоктугун айтып чыгышкан.(AzK)