Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Ооганстан: атайын чабарман сабырдуулукка үндөдү


БУУнун Ооганстандагы атайын чабарманы президенттик шайлоонун жыйынтыктары расмий чыга электе талапкерлерди алдын-ала жеңишин жарыялабай, сабырдуу болууга үндөдү. Негизги талапкерлер – учурдагы президент Хамид Карзай жана мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла – экөө тең шайлоодо жеңишке жетишкенин айтып чыгышкан. Абдулла Абдулла шайлоо бурмалоо менен өттү деп билдирди. Шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыктары эртең (25-августта) чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG