Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Н1N1 тумоосуна каршы каражат суралды


Саламаттык сактоо министрлиги Н1N1 вирусуна каршы керектүү таңсык материалдарды сатып алуу үчүн Каржы министрлигинен 1 млн. 167 миң сом жана биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасынан каражат сурап кайрылды. Бул тууралуу 24-августта өкмөттүн жыйынында өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдикаримов билдирди. Башкы дарыгер кыргызстандык М.А. аттуу жаран Дубайга автоунаа сатып келгени барып чочко тумоосун пайда кылуучу вирус жуктуруп келгенин, андан жубайына жугуп ал экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп дарыланып чыкканын белгиледи. Маалыматка караганда, ал экөө менен байланышы бар алты адам дагы дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG