Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Башкаруу системасын реформалоо боюнча сунуш күтүлүүдө


“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиевдин “Азаттыка” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, башкаруу системасын реформалоонун алкагында өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча президент тараптан сунуштун түшүшү күтүлүүдө. Андай сунуш келип түшсө парламенттин күзгү сессиясында каралат. Ал эми Игорь Чудинов башында турган өкмөттүн кызматтан кетүүсү күн тартибинде жок.
“Ак жол” партиясы ошондой эле сентябрь айында жергиликтүү уюмдарында отчеттук-шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп, анда партиянын жергиликтүү уюмдарынын катчылары отчет берүүсү белгиленүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG