Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

К.Бакиев: Башкаруу системасы түп-тамырынан бери өзгөрүш керек


Бүгүн президент Курманбек Бакиев өз администрациянын жетекчилигинин катышуусу менен жыйын өткөрдү. Анда мамлекет башчысы буга чейин башкаруу системасын реформалоодо кайсы бир структураны экинчисине кошуу, жою, түзүү орун алып келгенин белгилеп, бул жолку реформада башкаруу системасы түп-тамырынан бери өзгөрүш керектигин билдирген. Президенттин пикиринде, мамлекеттик аппарат чакан, ылдам жана мезгилдин талаптарына өз убагында жана ошого жараша жооп бергидей болуш керек. Президент ошондой эле Жогорку Кеңештин сентябрь айында баштала турган пленардык отурумуна катыша турганын билдирген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG