Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Президент өкмөт башчыны кабыл алды


Бүгүн президент Курманбек Бакиев премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алды. Анда өкмөт башчы президентке жер титирөөдөн жабыркаган Нура айылында үйлөрдүн курулушу тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, өткөн жылы октябрь айында жер титирөөдөн Нура айылында 134 үй кыйрап калган. Азыркы мезгилде айылда кытайлык компания 151 үй куруп жатат. Анын ичинен 46 үй курулуп бүтүп, калгандары сентябрь айынын баш чендеринде аяктайт деп күтүлүүдө. Президент өз кезегинде үйлөрдү өз мөөнөтүндө куруп бүтүрүүнү тапшырды. Андан сырткары өкмөт башчы президентке Майлуу-Суу электр лампа заводу, Таш-Көмүр жарым өткөргүчтөр заводу, Кара-Балта тоо-кен комбинаты, Кызыл-Кыя цемент заводунун иши жана кыш мезгилине даярдык көрүү тууралуу маалымат берди. Президент Күрмөнтү цемент заводун сентябрь айында ишке киргизүү жана Бишкек жылуулук борборун кыш мезгилине даярдоону бекем көзөмөлгө алууну тапшырды.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG