Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Баткен облустук сотунун төрагасына кол салуу болду


Ош облустук милициясынан бүгүн алынган маалыматка караганда, Баткен облустук сотунун төрагасы Табылды Жусубалиевди 24-августта белгисиз бирөөлөр Өзгөн районундагы Мырзаке айылындагы үйүнөн күч менен кармап кетип, Жазы дарыясынын жээгинде эки жолу бычак урушкан. Жабыркаган Жусубалиевди милиция кызматкерлери таап, ооруканага жеткиришкен. Маалыматка караганда, облустук соттун төрагасына 18-августта Бишкекте белгисиз бирөөлөр кол салган. Мына ошого байланыштуу ал эмгек өргүүсүнө чыгып, Бишкек жана Оштогу ооруканаларда дарыланган. Азыркы мезгилде Табылды Жусубалиев кол салган адамдар тууралуу маалымат берүүдө жана милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издөө ишин жүргүзүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG