Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

Укук коргоочулар президентке жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдошту


Кайрылууда азыркы бийлик өз саясий оппоненттерин кылмыш дүйнөсүнүн колу менен жайлап жатканы белгиленген. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча 24-августа №1 тергөө абагында Сапар Аргымбаев, Эркин Булекбаев жана Уран Рыскулов катуу сабалган. Белгилүү болгондой алар апрель айында Петровка айылында болгон улут аралык жаңжалдан кийин камакка алынган. “Азыркы мезгилде С.Аргымбаев, Э.Бүлекбаев жана У.Рыскуловдун өмүрүнө жана ден-соолугуна эле эмес, жалпыбыздын адамдык касиетибизге жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн коопсуздугуна коркунуч туулуп турат. Президент Курманбек Бакиевден С.Аргымбаев, Э.Бүлекбаев жана У.Рыскуловдун укуктарын жана өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылууну талап кылууга чакырабыз”,- деп белгиленген кайрылууда. Кайрылууга Интербилим, Кылым шамы, Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясы, Адамдар жана укук уюмдары, жалпысынан 17 уюмдун өкүлдөрү кол койгон жана кайрылуу президенттен сырткары БУУнун, ЕККУнун, Европа Комиссиясынын өкүлдөрүнө жана бардык дипломатиялык миссияларга жолдонгон.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG