Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

Нарында эки айыл өкмөт башчысынын иши териштирилүүдө


Бул тууралуу Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Нарын районундагы Дөбөлү, Орток айыл округ башчылары элдин атынан Жетим кырка тоосундагы Темир кенди иштетүүгө макулдук берген жалган документ жасашкан. “Учурда эки айыл өкмөт башчысынын үстүнөн тергөө амалдары прокуратура тарабынан жүргүзүлүүдө”, - дейт Мирадил Бакашов. Нарын облусунун прокурорунун орун басары Алмазбек Тайсалов бул эки айыл өкмөт башчысынын үстүнөн кылмыш иш козголбогондугун, тек териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Ал эми Нарын районундагы Дөбөлү айыл округунун башчысы Алтымыш Мамбетисаев быйылкы жылдын май айында болгон элдик жыйын маалда темир кенди чалгындоого макулдук бергендигин моюнга алган эле. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG