Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Кандагардагы жарылуудан 30 киши каза тапты


Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, мындан тышкары дагы алтымыштан ашуун киши жаракат алган. Бомбаланган бир нече автоунаа кечээ кечке жуук бир учурда жарылды. Окуя орозо кармаган оогандар ооз ачкан кезде болду. Шаардын борборундагы жарылуудан курулуш компаниясынын кеңсеси талакаланып, айланадагы башка ондогон имараттарга да зыян тийди. Кандагар - мурда талибдердин таянычы катары эсептелген шаар. Бомба жардыруулар бул аймакта быйыл эле бир нече ирээт орун алды.

XS
SM
MD
LG