Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Карзай менен Абдулла ортосундагы ажырым аз


Ооганстанда 20-августа өткөн президенттик шайлоонун кечээ жарыяланган жарым –жартылай жыйынтыгы азыркы президент Хамид Карзай башкы атаандашынан кичине гана алдыда экенин көргөздү.

Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын бюллетендердин 10%ы же 525 миң добуш саналгандан кийинки маалыматына караганда, Карзай ошол добуштардын 40,6%, ал эми мурдагы тышкы иштер мнистри Абдулла Абдулла 37,8%ын алган. Эгер бюллетендердин баары саналгандан кийин да эки талапкердин бири добуштардын 50%дан ашуунун ала албаса, шайлоонун экинчи айлампасы талап кылынат. Ал октябрдын башында өтүүсү мүмкүн. Мурдараак Карзай да, Абдулла да шайлоодо өздөрү жеңип чыгышканын айтышкан. Бирок расмий маалыматтар азырынча мындай ырастоолорду бекемдей элек. Президенттикке талапкерлердин башка алтоосу Абдулланын шайлоо күнү добуштар Карзайдын пайдасына кеңири бурмаланды деген мурдагы ырастоосуна колдоо билдиришти.

АКШ добуштар саналып жаткан кезде тараптардын баарын сабырдуу болууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG