Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Абактагылардын сабалышына байланыштуу экспертиза жүргүзүлдү


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча экспертиза укук коргоочулардын кийлигишүүсүнөн кийин гана жүргүзүлдү. №1 СИЗОдо отурган Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Эркин Бөлөкбаевдин сабалды деген маалыматтарды тактоо боюнча алардын денесиндеги көгалаларды сырттан иликтөө ишин кечээ СИЗОнун дарыгери менен көз карандысыз эксперт жүргүзгөн. Азырынча алардын жыйынтыгы чыгарыла элек, деп маалымдады Азиза Абдурасулова.

21-августта бир катар укук коргоочу уюмдар Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турушкан Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Эркин Бөлөкбаевдин өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын, аларга тез арада 25 миңден 50 миң долларга чейинки акча таап берүү талабы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү тарабынан коюлгандыгын билдирип, күч структураларына кайрылышкан. Абактагылар менен кечээ жолугуп, алардын абалы менен таанышып чыккан укук коргоочулар үчөөнүн сабалганы анык, деп маалымдашып, алардын коопсуздугун камсыздоо талабы менен КР президентине кайрылуу жолдошту.(ZKo)



Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG