Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Баткен облсотуна кол салуу боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай Баткен облустук сотунун төрагасы болуп иштеген Табылды Жусубалиев 24-августта эртең менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегени тууралуу арыз менен анын жубайы Эркинбү Саматова Өзгөн РИИБнө кайрылган. Милициянын чукул көргөн чараларынын натыйжасында ошол эле күнү саат 20 чамасында райондогу Жазы дарыясынын жээгинен денесинин бир канча жерине бычак урулган Табылды Жусубалиев табылып, райондук ооруканага жеткирилген. Буга байланыштуу ички иштер министрлиги “киши өлтүрүү”, “бийлик өкүлүнүн өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG