Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Кыргызстанда 50 миңге чукул бала мектепке барбайт


ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин колдоосу жүргүзүлгөн иликтөөсү өлкөдөгү мектепке барбаган балдардын саны 50 миңге чукул деген жыйынтык берди. Мындай көрсөткүч – Кыргызстанда орто эсеп менен бир миллион бала мектепке тартылса, анын ичинен 5.3 пайыз балдар мектепке барбаганынын жыйынтыгы, деп билдирди ЮНИСЕФ уюумунун Кыргызстандагы өкүлү Тим Шаффтер “Азаттыкка”. Анын айтуусунда, демек өлкө боюнча 50 миңге чукул бала мектепке барбайт. Ошондой эле бул иликтөөдө балдардын сабакка катышуусун алып караганда, айыл жергесиндеги окуучулардын 90-95 пайызы үзгүлтүксүз мектепке барбайт. Алсак, сентябрь-октябрь жана апрель-май айларында сабак калтырган балдардын саны 20-25 пайызга жетет. Көбүнчө балдардын талаада жана башка жумуштарга тартылып мектепке барбаганы өтө чоң көйгөн экенин ЮНИСЕФ уюумунун Кыргызстандагы өкүлү Тим Шаффтер “Азаттык” менен бөлүштү. Балдардын мектептен сыртта калышына өлкөдөгү жакырчылык, мугалимдердин жетишсиздиги, айрым үй бүлөлөр үчүн мектепке төлөнө турган акынын көптүгү себеп дейт адис.

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Үмүткан Тыналиева Кыргызстанда 2 миңге чукул бала мектепке барбайт, деген маалыматты кечээ “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, мектепке тартылбай калган балдардын расмий саны аз чыгып жатканы чындык, бирок каттоого алуу ички миграциянын эсебинен кыйынга турууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG