Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Президент ЖК депутаттарынын алдында сүйлөйт


Бул тууралуу КР президенти Курманбек Бакиев бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алган учурда билдирди. Ал ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо тууралуу айтып, парламент башка бийлик бутактары менен тең айкалышта иштөөсү зарылдыгын белгиледи.
Спикер Айтибай Тагаев Парламенттин кезектеги сессиясынын ачылышы жана сентябрь айындагы иш пландары жөнүндө президентке маалымдады. Анын айтуусу боюнча бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтүнөн парламентке 15 мыйзам долбоору түшкөн, анын жетөө каржы маселелер мүнөзүндө.
Жолугушуу учурунда мындан башка уюштуруу маселелери да талкууланды, деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.
Айрым саясатчылар жана маалымат каражаттары күзүндө азыркы парламент таратылат, деген жоромолдорун билдиришүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG