Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Вице-премьер мектептеги төлөмдөрдү жактабайт


Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева мектептеги төлөмдөрдү мыйзамдаштырууну жактабасын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 19-августта вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева Бишкек шаарындагы орто мектеп директорлору менен жолугушкан. Андан кийин жергиликтүү ММКда вице-премьер мектептердеги көмүскө төлөмдөрдү мыйзамдаштырууну эп көрөт маанисинде макалалар жарык көргөн. Буга тынчсызданган “Балдарды коргоо лигасы” да атайын билдирүү менен чыгып вице-премьерди кескин сынга алган эле. Бирок бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы Өктөмхан Абдуллаева мектептердеги төлөмдөрдү мыйзамдаштыруу маанисинде кеп козгобогонун, тескерисинче убагында объективдүү себептерден улам киргизилген бул төлөмдөрдү алып салуу сунушун кийригенин айтып, ММКда таркаган маалыматты төгүндөдү. (EK)

XS
SM
MD
LG