Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Америкалык сенатор Эдвард Кеннеди 77 жашында дүйнө салды


АКШнын мурдагы президенти Жон Кеннединин эң кичүү бир тууганы Эдвард Кеннеди көп жылдар бою Демократиялык партиянын өзөктүү саясатчысы жана таасирлүү америкалык сенатор болгон. 1962-жылы Эдвард Кеннеди Сенатка шайланган, бир жылдан кийин агасы, АКШ президенти Жон Кеннедини атып кетишкен. 1980-жылы Эдвард Кеннеди Демократиялык партиянын атынан президенттикке аттанып, ошол кездеги президент Жимми Картерге утулуп калган. Эдвард Кеннеди саламаттык сактоо, билим берүү, адам укуктары тууралуу мыйзамдарды кабыл алууда чоң салым кошкон.

Президент Барак Обаманын тарапкери катары таанымал болгон Эдвард Кеннеди былтыр Обаманы колдоп мындайча чыгып сүйлөгөн:

- Мен бүгүн Барак Обама менен чогуу турганыма, анын АКШнын кезектеги президенти болушу үчүн өз колдоомду көрсөтүп жатканыма, өз күч-кубатымды жумшап, берилгендигимди көрсөтүп жатканыма абдан сыймыктанам.

Сенатор Кеннедиге 2008-жылы майда мээнин рак оорусунун диагнозу коюлган. Бүгүн АКШ президенти Обама сенатор Кеннединин дүйнө салышынан улам “АКШ улуу лидерин жоготту” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG