Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Карзайдын шайлоодо алган добуштары көбөйдү


Ооганстандын Борбордук шайлоо комиссиясы учурдагы президент Хамид Карзайдын 20-августта өткөн шайлоодо алган добуштары көбөйгөнүн билдирди. Комиссиянын бүгүнкү маалыматы боюнча, добуштардын 17 пайызы эсептелип бүттү жана ага ылайык, президент Карзай негизги атаандашы Абдулла Абдулладан 10 пайызга алдыда баратат. Азырынча добуштардын так саны белгисиз. Шайлоонун толук жыйынтыгы бир нече аптадан кийин белгилүү болот. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча арыз-даттанууларды текшерүүдө. Эгерде талапкерлердин эч кимиси 50 пайыздан ашык добуш ала албаса, анда шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG