Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Ооган шайлоосу НАТОнун да ийгилиги


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен ооган лидерлерин шайлоодон кийинки мезгилде жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен ооган лидерлерин шайлоодон кийинки мезгилде жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Ооганстандагы шайлоонун "кыйла тынч" өткөнүн НАТО өзүнүн "ийгилиги" катары баалады. Алянстын өкүлү добуштардын толук жыйынтыгы чыга элек учурда бардык талапкерлерди "сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууга" чакырды.


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Кабулдагы сапары маалында 20-августтагы шайлоонун өткөрүлгөнү өзү жакшы иш болгонун айтып, муну алянстын да "ийгилиги" катары баалаган эле.

Баш катчынын бул пикирин Брюсселде анын ырасмий өкүлү Жеймс Аппатурай дагы бир ирет бышыктады. "Өлкөдө пландалган бардык шайлоо жайларынын токсон беш проценти ачылды. Жалпы эсепте алардын эки процентинде гана куралдуу кагылыштар болду",-деп көрсөттү алянстын өкүлү.

Аппатурай коопсуздук көз карашынан алганда мындай натыйжага НАТО алымсына аларын, бул жагынан ооган полициясы менен армиясына да дурус пикирлерди айтса болорун кошумчалады. Ошол эле учурда шайлоонун жүрүшү жана анын натыйжалары үчүн алянс өзүнө эч кандай жоопкерчилик албай турганын эскертти. Бирок ооган саясатчыларын НАТО шайлоодон кийинки мезгилде жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Баш катчы Расмуссен өткөн аптада Ооганстанда болгон кезде бардык лидерлерге кайрылып, алардан шайлоодон кийинки кыйын-кычык учурда айткан сөздөрүнө жана жасаган кадамдарына абдан кылдат болууну өтүнгөн, мындай мамиле бардык саясий партиялар, жеке адамдар үчүн өтө маанилүү экенин эске салган.

Баш катчы ушул аптанын этегинде Грецияда жана Түркияда болгону жатат. Сапар маалында Ооганстандагы операциялар, бул өлкөдө жалпы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланат.

Кабулда болсо Көз карандысыз комиссия шаршемби күнү бүткүл бүллүтөндөрдүн 17 проценттей бөлүгү саналып бүткөнүн маалымдап,анын натыйжаларын жарыялады. Хамид Карзайды колдогон добуштардын эсеби 43-45 процентке жетти, анын негизги атаандашы Абдулла Абдулланын көрсөткүчү 35 процент болду.

Доктор Абдулла бул маалыматтар жарыя кылынган соң добуш берүү күнү 200дөн ашуун будамай-бурмалоо учурлары катталганын, ошол фактылардын баары каралып чыгышы керектигин, ошондон соң гана шайлоонун корутунду жыйынтыктарына өзүнүн ак же көк деген пикирин айтарын кайрадан белгиледи.

XS
SM
MD
LG