Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

К.Майкозевдин кызматтан кетүүсү талап кылынды


Адам укугун коргоочу бир катар уюмдар Адилет министринин орун басары Касымбек Майкозевдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан билдирүү таратты. Буга К.Майкозевдин маалымат каражатына “Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдун коопсуздугу боюнча чара көрүлүп, алардын коопсуздугуна тынчсыздануунун кажети жок”,-деп берген интервьюсу себеп болгон. Адам укугун коргоочулар 25-августта абактагы Э.Бөлөкбаев, С.Аргынбаев, У.Рыскуловдун денелери көгөрүп, абактагылардан тепки жегенин айгинелеп турганын белгилеген. Бул боюнча Касымбек Майкозевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG