Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Ирандагы демонстрацияларга чет өлкөлөрдүн тиешеси жок


Өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин мына ушундай билдирүүсү мамлекеттик теледен кабарланды. Диний көсөмдүн сөздөрүнө караганда, ал оппозициянын 12- июндагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларына лидерлик кылгандардын чет өлкөлүк державалар менен иштегенинин кандайдыр бир далилин көрө алган жок. Аятолланын бул билдирүүсү Иран бийлигиндеги ашынган консерваторлор тарабынан мурда айтылган айыптоолорго каршы келүүдө. Алар Ирандын диний бийлигин кулатуу максатында июндагы демонстрацияларга шыкакчы болгону үчүн чет өлкөлөрдү, өзгөчө АКШ менен Британияны айыпташкан эле. Вашингтон менен Лондон мындай ырастоолорду четке каккан.

Июндагы шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларга байланыштуу учурда Иран оппозициянын бир катар өкүлдөрүнүн иши сотто каралып жатат. Ошол демонстрациялардан улам иши сотко өткөндөр арасында ирандык –америкалык окумуштуу Киан Тайбахш да бар. АКШ окумуштууга тыңчылык кылган, Ирандын улуттук кызыкчылыгына каршы иш жасаган деген айыптардын коюлуп жатуусун “негизсиз” деп эсептейт. Бул тууралуу кечээ Мамлекеттик департаменттин өкүлү Иан Келли билдирди. Анын айтымында саясий жактан бейтарап турумду карманган окумуштуу шайлоого аралашкан эмес.

Адам укугун коргоочу, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади, Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами өңдүү инсандар учурда жүрүп жаткан сот жараяндарын айыптоо менен аны мыйзамсыз деп аташкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG