Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Борбор калаадагы мектептерге балдар батпай кетти


Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Кудайбердиева бүгүн мугалимдердин август кеңешмесинде билдирди. Анын айтуусунда учурда борбор калаадагы орто мектептерде 100 миңден ашуун бала окуйт, ал эми мектептердеги орун 75 миң балага эсептелген.

КР билим берүү министринин орун басары Үмүткан Тыналиева Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарына туура келерин “Азаттыкка” билдирген эле.

Мугалимдердин август кеңешмесинде ошондой эле жалпы өлкөдөгү билим берүү системасынын абалы, мектепке барбаган балдар маселеси, мугалимдердин жетишсиздиги тууралуу да кызуу талкуулар болду. КР билим берүү министринин орун басары Борис Кубаевдин белгилегени боюнча быйылкы окуу жылында мектептерде 4 миңге чукул мугалим жетишпейт. Булар өзгөчө химия, физика, биология жана чет тилдер боюнча сабак берүүчү мугалимдер. Министрдин орун басары Ош жана Чүй аймактарында ишке ашырылып келе жаткан мугалимдерди мектепке тартуу иштерин жайылтууну сунуш кылды. Ага ылайык айыл өкмөттөрү тарабынан бүтүрүүчүлөр мугалимдик кесипке окутулуп, окуу жайды аяктагандан кийин ошол айыл өкмөттөрдөгү орто мектептерде иштөөгө жолдомо алышат.

Билим берүү министрлиги буга чейин да окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн орто мектептерге тартуу максатында “Жаш мугалимдин депозити” жана башка бир катар программалар менен аракет кылган. Талдоочулардын белгилөөсү боюнча мындай программалар да мектептердеги, өзгөчө айыл жергесиндеги мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин толуктай албай жаткандыгын белгилешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG