Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Э. Бөлөкбаевдин иштерин Москва райондук соту карамак болду


Эркин Бөлөкбаевдин кылмыш кодексинин 128-беренеси боюнча “акаарат кылуу” жана Петровка окуясындагы баш аламандыкты уюштурган делген эки айыбын бириктирип кароо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин бүгүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечимине Башкы прокуратура каршылыгын билдирип, айыптарды өз-өзүнчө кароо өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган болчу. Эми Башкы прокуратура мындан жогорку сот бутагына кайрылары белгисиз.

“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди саясий карикатуралар үчүн Башкы прокуратура “президентке акаарат келтирген” деген берененин негизинде сотко берген. Кийинчерээк 26-апрелде Петровка чатагын уюштурган деген айып менен Эркин Бөлөкбаев камакка алынган. Саясатчы өзүнө коюлуп жаткан айыптарды оппозициялык ишмердиги үчүн бийлик тарабынан атайын жасалып жаткан куугунтук деп эсептейт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG