Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Ирактык шийит динаятчыга Тегеранда аза күтүүдө


Ирактык шийит мусулмандарынын жол башчысы Абдул Азиз ал-Хаким Ирандын баш калаасында кечээ кайтыш болду. Ал Саддам Хуссейндин режимине кастарын тиккен оппозициянын өкүлү катары Иранда 20 жылдай сүргүндө жашаган. Ал-Хаким 2003-жылдагы америкалык баскынчылыктан кийин Иракка кайтып келип, Ирактагы эң ири шийи мусулмандарынын саясий партиясы болгон Жогорку Исламдык кеңешти жетектеп турган. Ал Иранда өпкө рагынан дарыланып жатканда көз жумду.

Ирактын вице-президенти, аталган кеңештин мүчөсү Адел Абдул Махди Багдаддагы эскерүү жыйынында буларды айтты:

- Абдыл Азиз ал-Хакимдин өлүмүнө байланыштуу Ирак элине жана мусулман дүйнөсүнө көңүл айтам. Маркум шийит динаятчысы Мохсен ал-Хакиминин уулу жаңы Ирактын таасирлүү лидери эле. Ал-Хаким Саддам Хуссейндин режимин кулатууда чечүүчү рол ойногон. Анын өлүмү саясий сахнада боштук жаратып жаткандыгында күмөн жок.

XS
SM
MD
LG