Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Тажикстан ажыга баруунун жаңы эрежелерин киргизди


"Азаттыктын" тажик кызматына ылайык, маданият министрлигинин буйругу менен мындан ары ар бир ооданда катталуу китеби ачылат жана ага жергиликтүү аким кол коюп, мөөр басат. Тизмеде кимдердин кезеги жетсе Меккеге ошол адамдар жиберилет. Министрликтен билдиришкендей, бул чаралар шылуунчулукка жол бербөө үчүн киргизилүүдө. Ошондой эле ажылыкка бара тургандардан чыгымдардын 60 пайызын алдында ала төлөө талап кылынышы мүмкүн. Быйыл Саударабстан Тажикстанга былтыркыдай эле 5 миң кишиге орун берген. Ажы болом дегендер быйыл 3315 доллар төлөөгө тийиш, бул былтыркыдан 400 долларга көп.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG