Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Укук коргоочу маморгандарга 10 млн. сом доо койду


Ош шаардык соту судья Шералы Камчыбековдун төрагалыгында «Акыйкат сот-чындык» бейөкмөт уюмунун директору Равшан Гапировдун арызын кароону баштады. Даттануучу Интернет аркылуу диний экстремисттик маанайдагы баракчаларды тараткан деп айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан бир жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары соттолуучу өкүм күчүнө киргенден кийин дагы жети ай түрмөдө ашыкча олтурган. Бирок Ош облустук соту көз карандысыз эксперттер тобунун корутундусун быйыл 4-июнда караштырып, Гапировдун аракетинде кылмыштын курамы жоктугун белгилеп, толук актаган. Ошого байланыштуу өзүн жабырлануучу катары эсептеген укук коргоочу Ош шаардык милициясынан беш миллион, прокуратурасынан төрт миллион сом, ошондой эле эксперттерден бир миллион сом моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Анткен менен Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Азим Мойдунов Равшан Гапиров мамлекеттик дин агенттигинин Оштогу эксперттеринин корутундусуна ылайык соттолгондугун билдирип, эки ача өкүмгө чекит коюу үчүн кылмыш иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлүшү зарылдыгын айтууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG