Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

АКШда мунайдын баасы түшүп жатат


Сингапурда октябрь айына эсептелинген мунай бүгүн баррели 71 доллар 20 центтен бааланды. Кечээ бул баа 60 центке түшкөн эле. АКШнын Энергетика департаменти өлкөнүн чийки мунай запасы өткөн жумада 200 миң баррелге көбөйгөнүн маалымдаган эле. Адистердин көз карашында, бул дүйнөдөгү эң ири экономика болгон АКШда мунайга болгон талап чабал бойдон калып жаткандыгын көрсөтөт. Ошол эле мезгилде АКШнын өкмөтү турак-жай, машина жана башка товарлардын соодасы өсүп жаткандыгын, бул экономиканын оңолуунун жолуна түшкөндүгүн билдирээрин кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG