Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Өзбекстан Ханабадда аскерий база ачаары айтылууда


Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына шаарча курулаары болжолдонуп жаткан Ханабад шаарынын тургундары билдиришкен. Өзбекстанга жакында эле АКШ куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы Девид Петреустун келип кеткендигин жана Өзбекстандын ЖККУнун аскердик машыгууларына катышуудан баш тарткандыгын белгилеген айрым маалымат каражаттары Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен аймагына аскердик база ачууга камынып жатышы толук ыктымал деп жазып чыгышты.

КР Тышкы иштер министрлиги мындай маалыматтарга комментарий бербей тургандыгын “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

31-июлда Чолпон-Ата шаарында орус-кыргыз президенттеринин ортосунда жетишилген Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскер базасын ачуу келишимин Өзбекстан колдогон эмес. Өзбек тышкы иштер министрлиги мындай база Фергана аймагында улуттук каршылаштыкка, келечегинде аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруучу радикалдык-экстремисттик күчтөрдүн өнүгүшүнө алып келүү коркунучу бар деп билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG