Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

Иракта шийит лидерин акыркы сапарга узатышат


Абдул Азиз ал – Хакимдин сөөгү Ирактын түштүгүндөгү ыйык Нажаф шаарына коюлганы жатат. Таасирлүү саясатчыны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү башкаала Багдаддан башталып, маркум менен коштошуу Нажафка бара жаткан жолдо Ирактын түштүгүндөгү башка бир нече шаарларда да өтмөкчү. Кечээ болсо Тегерандагы аза күтүү иш чарасына миңдеген ирандыктар катышты. Алардын арасында Ирандын тышкы иштер министри да болду.

Саддам Хусеиндин доорунда 20 жылдай сүргүндө, Иранда жашаган Абдул Азиз ал – Хаким шийиттердин эң ири саясий партиясы, бийликтеги альянстын мүчөсү - Ирак ислам Жогорку кеңешин жетектеп келген. Ал ушул шаршемби күнү Тегеранда, өпкөнүн рак дартынан дарыланып жаткан жеринен каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG