Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

“Итек-Эйрдин” учагы Казакстанда аргасыз конду


Жарандык авиация департаментинин башчысы Александр Настаевдин “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, “Итек-Эйр” компаниясына таандык Бишкек-Москва каттамында учуп бараткан “Боинг-737 200” учагынын кыймылдаткычынан май агуусуна байланыштуу бүгүн Бишкек убактысы боюнча 11:30 Казакстандын Уральск шаарында конууга аргасыз болду. Конуу учурунда эч ким жабыркаган эмес. Азыркы мезгилде “Боингдин” жүргүнчүлөрү үчүн Бишкектен башка учак даярдалууда. “Итек-Эйрдин” директорунун орун басары Александр Юнниковдун Акипресс маалымат агенттигине билдирүүсүнө караганда, учакта 118 жүргүнчү болгон. Алардын ичинен 10 өспүрүм жана үч наристе болгон. Аргасыз конууда эч ким жабыркаган эмес жана жүргүнчүлөрдүн баары мейманканага жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалган. Жакын арада жаңы учак барып, аларды Москвага жеткирет. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG