Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Эртең Баткенде кыргыз-тажик чек арачылары жолугушат


Мындай маалыматты облустук акимчиликтен 28-августта "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн жергиликтүү чек ара кызматтары жолугушууда суунун айынан көп көйгөйлөрдү жараткан Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Бедек участкасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул жер эки өлкө ортосундагы чечилбеген аймак экенине карабай тажик бийлиги өз жарандарына үй-жай үчүн бөлүп берген. Ал жерге Кыргызстан аймагынан суу жеткирүү үчүн куурларды казууга уруксат берилбей турат. (JsA)

XS
SM
MD
LG