Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Ош шаарынын мектептерине 400дөй мугалим жетпейт


Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдивали Балтабаев «Азаттыкка» кабарлап, чет жана орус тилчилер, физиктер, математиктер жана дене тарбиячылар тартыштыгын кошумчалады. Мунун башкы себебин ал педагогикалык кадрлардын акыркы жылдары аз даярдалып жаткандыгы, ошондой эле жогорку окуу жайларын бүткөндрдүн мектептерге баруудан баш тарткандыгы менен байланыштырды. Ошондуктан, соңку мезгилде ЖОЖдордун жогорку кустарында окуган студенттерин жумушка тартуу менен маселе жарым-жартылай чечилип келүүдө.

Деген менен оштук талдоочулар шаардагы агартуучулардын турак жай, жер тилкеси жана жеңилдетилген кредит көйгөйлөрүн чечмейинче, мектептерде мыкты жана жаш кадрларды кармаш кыйындыгын белгилешүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG