Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Карзай Обаманын өкүлү менен урушуп кетти


Маалымат агенттиктери АКШнын атайын өкүлү Ричард Холбруктун пикирин келтирип, 20-августтагы президенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу, бурмалоо болгонуна камтамачылык билдиргенин айтып чыгышты. Ооганстанда добуш берүүнүн эртеси өзүн жеңишке жеттим деп жарыялап чыккан Хамид Карзайга Холбрук “добуштар толук эсептелип бүтпөй жатып эле, андай билдирүү жасаганга болбойт” деп айткан эле. Шайлоонун соңку расмий жыйынтыгы сентябрда жарыяланат деп жатышат. Бирок азырынча Карзай өзүнүн негизги атаандашы Абдулла Абдулладан алдыда экени кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG