Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Быйыл биринчи класска 96 миң бала барат


Билим берүү министри Абдылда Мусаевдин билдиршинче, Жалал-Абат областында биринчи класска барчу окуучулардын саны башка областтарга салыштырмалуу эң көп болуп, 22 миң окуучуну түздү. Талас областында биринчи класска барчулардын саны эң аз экендиги анык болду. Ал эми борборубузда алардын саны тогуз жарым миңге жеткен. Жалпы 2009-2010-окуу жылында Кыргызстанда 2 миң 188 жалпы билим берүү мектептери иштейт. Анда 1 миллион 41 миң окуучу билим алат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG