Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Эгемендик күнү Көк-Бөрү боюнча финалдык оюн болот


Бүгүн Бишкектин “Ак-Кула” ат майданында жарым финалдык оюндар болду. Биринчи жарым финалда Бишкектин “Бөрүлүү” командасы Жалал-Абаттын оюнчуларын 9:2 эсебинде жеңип, баш байгеге талапкерлердин бири болду. Экинчи жарым финалда Тажикстандын тандалма командасы менен ойногон Таластын оюнчулары женишке жетишишти. Оюндун сыйлык фондусу эки жарым миллион сомду түзөт. Биринчиден тогузунчу орунга чейин акчалай сыйлык каралган. Биринчи орунга 1 миллион сом сыйлык берилмекчи. Ошондой эле мыкты оюнчуларга 20 миң сомдон сыйлыктар бар. Учурда Россия, Алтай, Өзбекстан, Тажикстандын жана Кыргызстандын областтарынан 9 команда ойноп жатат. Көк-Бөрү боюнча финалдык оюн 31-августта өткөрүлөт жана ага президенттин катышуусу күтүлүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG