Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Ирактагы жардыруудан 15 кишинин каны төгүлдү


Бир чабуулда жан кечтинин машинасы Багдаддан 300 чакырым түндүктөгү Ширкат шаарында полиция бекетин бутага алды. Экинчи бомба Ширкатка чукул Синжар шаарында жарылды. Мында Язиди деп аталган мусулманчылыкка чейинки күрт сектасынын мүчөлөрү жашайт.

Кечээ Багдаддагы жардырууларда бир полициячы каза таап, жети киши жараат алган эле. Ал окуяага күбө болгон Багдад тургуну Бассим Мохаммед "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Бомба кечинде саат сегизден 20 мүнөт өткөндө жарылды. Эмне болду деп чыга калсак, дагы бир бомба жарылып, алоолонгон от чыкты. Жакындап барганга уруксат беришкен жок. Ирак армиясы келип, кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.

XS
SM
MD
LG