Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстанда үнөмдүү электр чырактары чыгарылат


Бул тууралуу өкмөттүн толук курамында өткөн жыйынында сөз болду. Анда премьер-министр Игорь Чудинов электр энергиясын коромжу кылбай пайдалануу керектигин айтып, Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу электр чырактар заводунда электрди өтө аз талап кылуучу үнөмдүү чырактарды чыгара баштоо керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, мындай үнөмдүү электр чырактарын пайдалануу жалпысынан мамлекеттин энергосистемасындагы жоготууларды 30 пайызга азайтышы мүмкүн.

Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдовдун айтымында, бюджеттик мекемелерди үнөмдүү электр чырактарына өткөрүү үчүн 56 миллион сомдой каражат талап кылынат. (IJz)

XS
SM
MD
LG