Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

1-сентябрда Жогорку Кеңеш күзгү сессиясын баштайт


Парламенттин эртеңки алгачкы сессиясына президент Курманбек Бакиев катышат. Бул тууралуу мамлекет башчы өткөн жумада ЖК төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алган учурда билдирген. Жолугушууда парламент башка бийлик бутактары менен шайкеш иштөөгө тийиштигин белгилеген президент мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо зарылдыгы келип жеткендигин билдирген. Эртең ЖК депутаттарынын алдында да мамлекет башчы мына ушул маселени сөз кылары күтүлүүдө.

Төртүнчү чакырылыштагы парламент эки ай мурун жайкы каникулга жана шайлоочулар менен жер-жерлерде жолугушуу үчүн тараган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG