Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Бүгүн Кыргызстандын Эгемендик күнү


Кыргызстандын көз карандысыздыкка ээ болушунун он сегиз жылдыгы бүгүн ашыкча шаан-шөкөтсүз белгиленет. Ала-Тоо аянтында аскердик жана башка параддар болбойт. Мамлекет башчынын катышуусу менен Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанат болмокчу. Анда президент Курманбек Бакиев жалпы кыргызстан элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, сөз сүйлөөрү кабарланууда.
Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтында жалпы элдик сайрандоолор күндүзү жана кечинде болорун маалымдады. Мэриянын кабарлашынча аянттагы майрамдык салтанатты кечинде эстрада ырчыларынын концерти жана өлкө Эгемендүүлүгүнүн урматына жарым сааттык фейерверк атуулар жыйынтыктайт.

Эгемендикке байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында да уюштурулат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG