Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Иран бийлиги оппозиция менен мунасага барбайт


Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи шайлоодон кийин нааразылык акциясына катышкандардын бардыгы сот жообуна тартыларын билдирди. Жекшембиде аятолла тегерандык студенттер менен болгон кездешүүдө шайлоодон кийин башаламандыктарга катышкандар менен бийлик мунасага барбай турганын эскертти. 12-июндагы шайлоо бурмалоолор менен өткөнүн ырастаган оппозиция тарапкерлери массалык нааразылык акцияларын уюштуруп, полиция менен кагылышууда 30 адам набыт болгон. Алгач болжол менен 4 миңге жакын киши камакка алынган. Учурда 100дөн ашуун адам, анын ичинде көрүнүктүү реформачыл саясатчылар соттолууда.

XS
SM
MD
LG